Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бишкек шаарында окуучулар үчүн атайын автобустарды уюштурууну сунуштады.
"Азыр көчөдө унаа тыгындары азайды. Эмне үчүн? Анткени окуучулар эс алууга чыкты.
Мен жоопкерчилик менен айта жок дегенде Бишкекте окуучуларды ташый турган атайын автобустарды пилоттук долбоор катары иштетсек сөзсүз унаа тыгындары жок болот",- деди депутат.
Мындан сырткары Марлен Маматалиев Бишкек шаарынын символу таштанды жана түтүн болуп бара жатканын айтып тез арада чара көрүүнү сунуштады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн