Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин жыйынында казино ачуу жөнүндө мыйзам долбоору каралууда.
"Казино ачуу боюнча мыйзамды иштеп чыгууда Муфтияттын пикирин сурадыңызбы",- деди депутат Марлен Маматалиев мыйзамдын демилгечиси Улан Сарбановго кайрылып.
"Биз бул мыйзамды иштеп чыгууда жалаң экономикалык тарабын карадык.
Адал, арам маселеси боюнча сүйлөшүү болгон жок. Биринчи окууда каралып жаткандыктан сиздердин сунуштарды эске алабыз",- деди Улан Сарбанов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн