Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Марс Ашыров Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

29.09.2020 09:31
488
Марс Ашыров Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды


Ашыров Марс Мидинович Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, шайлоо 21-сентябрда өткөрүлгөн. Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары көрсөткөн 1 талапкер – Ашыров Марс Мидинович катталган.


Шайлоонун жыйынтыгы менен Ак-Бешим айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10у М.Ашыровго добуш берген. Ал эми 1 депутат “бардык талапкерге каршы” позициясын билдирген. Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес. 


Муну менен көпчүлүк депутаттардын добушуна ээ болгон Марс Аширов Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн