Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Мас абалында унаа башкарган айдоочунун айдоочулук күбөлүгү алынат

07.12.2022 14:28
300
Мас абалында унаа башкарган айдоочунун айдоочулук күбөлүгү алынат

Ички иштер министрлиги жол эрежесин бузган тараптар үчүн айып пулдун айрым түрлөрүн жогорулатып, мастарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуунү көздөп жатат. Мыйзам долбоору ЖКда экинчи окууда каралды. 


Маалыматка ылайык,  мас абалда унаа айдаган кишиге биринчи жолу кармалганда бир жылга, кайталанса үч жылга унаа айдоого тыюу салынат.


Ошондой эле ылдамдыкты нормасынан саатына 40-60 чакырымга катуу айдаса 7500 сом (учурда 5 500 сом), 60тан ашырса 15 000 сом (учурда 7 500 сом) айып пул салынат.  Мындан сырткары каршы тилке менен айдоого 15 миң сом (учурда 5 500 сом) .


"Жол эрежесин одоно кайталап бузса кайра экзамен тапшырып айдоочулук күбөлүгүн кайталап алынат.

Автоээнбаштык кылгандар 15 миң сом төлөйт жана салынган айып пулдарды 70 пайыздык жеңилдик менен төлөө мөөнөтү 15 күндөн бир айга узартылат",- деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн