Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту бейбаштыкка шектүүнү №1 абакка киргизди. Бул тууралуу АКИпресс редакциясы билдирди.
23-сентябрда 1989-жылы туулган А.К. 15 сутка тергөө абагында болот.
18-сентябрда кечинеде нөөмөт бөлүмүнө Армейская көчөсүндө жайгашкан үйдө мас абалындагы белгисиз адам тургундарга тынчтык бербей, эшикти тепкилеп, туткаларын сындырып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Свердлов РИИБдин тергөө-ыкчам тобу чакыруу болгон жерге барып, ал 1989-жылы туулган А.К. экени аныктаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн