Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Матраимов убада кылган каражатынын жарымын да төккөн жок

30.11.2020 14:46
1098
Матраимов убада кылган каражатынын жарымын да төккөн жок


Раим Матраимов бүгүн С.Жапаровдун айтуусуна караганда 2 млрд сом казынага төгүш керек эле. Ушундай шарт менен боштондукка чыккан Матраимов каражатты төгүү мөөнөтү өтсө да убадалаган каражаттын жарымын дагы төккөн жок.


Албетте бул жактан дагы алдап кетери шексиз эле. Ага ишенгендер дагы "Конституциянын жаңы редакциясына каршы чыккан жаш балдардан" дагы акылы кемдер экенин далилдешти.


Матраимов эч качан оңолбойт! Ага ишенгендер эч качан жыргатпайт. Анын орду толугу менен мүлкүн конфискациялоо менен темир тордун артында. Жана бул мыйзамсыз байыган адамдын артынан калган жемкорлор дагы ушул эле ыкма менен жоопко тартылышы керек. Ошондо гана коррупция менен күрөш жөнүндө сүйлөсө жарашат!


Азият Жекшеев, журналист

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Чыныбек Куттукулов
Элди жаш баладай алдашты ! Жапаровтун эч бир айткан сөзү туура Чыбады . Матрайимовтор менен бирикендер оңбойт
Таа
Соодалашып алса анан.