Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Матраимовдордун таасири дале күчүндөбү?

19.01.2021 18:09
978
Матраимовдордун таасири дале күчүндөбү?

Кечинде бир чети кооптондурган, бир чети ойго салган телефон чалуу болду - Матраимов темасын козгобо, ал тууралуу сөз кылба деген (#Саясий_Коктейль).


Өзгөчө ойго салганы "бул күндөр да өтөт" деген фраза болду. 


Баарынан кызыгы, учурда өлкө башчынын милдетин аткарып жаткан Талант Мамытовду ошол күнү телеберүүгө чакырып, алардын өтүнүчү менен телеберүүдө козголуучу айрым суроолорду алдын ала жөнөткөн элек. Андан көп өтпөй сөз башында айтылган "таң калыштуу" телефон чалуу орун алды. 


"Таң калыштуу" дегеним, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго берилүүчү суроолордун катарында Матраимовго байланыштуу бир нече суроолор, алардын катарында Талант Мамытов Матраимовдордун кызыкчылыгын коргоп жүргөн адвокатты Сот кылып дайындаганы тууралуу да суроо бар болчу. Талант Мамытов менен Матраимовдордун байланышы бар деген жоромолду иликтөөчү журналисттер Ali Toktakunov менен Bolot Temirov айтып чыгып, коомчулук талкууга алып жаткан маалда... бул жөн гана дал келүүбү? Же Матраимовдордун таасири дале күчүндөбү? Дооронбек Садырбаев айтмакчы "мурдуңа бок сүйкөлгөн кыргызым" кайра эле чыдаш керекпи?.. Анда Үмүт эмнеге өлдү? Анда бир нече адам эмнеге колунан, бутунан, көзүнөн ажырады? Анда аянт толо эл 5-октябрда эмнеге чыкты? Быжы-быжы суроолор... быжы... быжы...


Шаиста Шатманова

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн