Майлуу-Суу шаарында жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
" 9-декабрь күнү Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн алдында токтоп турган "Opel Zafira" автоунаасы күйүп жатат деген маалымат саат 23:32 келип түшкөн
Аталган жайга №54 ӨКБнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 23:52де чектөөгө алышып 00:23тө толугу менен өчүрүшкөн",- деп айтылат маалыматта.
Өрттүн чыгуу себеби электр чубалгыларынын кыска чагылышуусунан келип чыкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн