Майлуу-Сууда сууга боюн таштаган 58 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы иблдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, эртең мененки саат 9:55тер чамасында Майлуу-Суу шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө Майлуу-Суу сайына 58 жаштагы С. С. аттуу жаран өзүн сууга таштады деген маалымат келип түшкөн.
№83 ӨККБнөн 4 куткаруучу тартылып, 11:35те издөө иштеринин жыйынтыгында эркек кишинин жансыз денеси табылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн