Бугу 02, 2024
Убакыт: 03:16
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Мечитте уурулук кылган 31 жаштагы жаран кармалды

Мечитте уурулук кылган 31 жаштагы жаран кармалды

Мечиттен жарандын уюлдук телефонун, унаасынын ачкычын жана башка буюмдарын уурдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, 2022-жылдын декабрь айында Бишкек шаарындагы конуштарынын биринде жайгашкан мечитке белгисиз жаран келип уурулук кылган. Шектүү мечитке намаз окуу үчүн эмес, ал жактагы буюм-мүлктөрүн жашыруун алып, жеңил пайда көрүү максатын көздөп барган. Бишкек шаарынын тургуну уюлдук телефонун, унаасынын ачкычын жана башка буюмдарын белгисиз адамдар уурдап кетишкендиги тууралуу намазын окуп бүткөндөн кийин билген.


Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-беренесинин 2-бөлүмү (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.


«Аталган кылмыш иштин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Алар мечиттин видеобайкоочу камераларын карап көрүү учурунда, белгисиз адамдын мыйзамсыз жасаган аракеттери камерага түшүп калган. Видеодо мечитке келген башка адамдар менен бирге белгисиз адамдын жүргөнүн көрүүгө болот. Ал, эл намаз окуй баштаганда кийимдер илинип турган жерге барып, бирөөнүн кийимин алып, бат эле сыртка чыгып кеткен. Шектүү жаран Алай районунун тургуну 1992-жылы туулган М.У. экени такталган. Ошондой эле, ал мурда соттолгону маалым болгон. Учурда ал камакта»,-деп айтылат маалыматта.


Тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн