Бирдин айы 07, 2025
Убакыт: 13:10
USD
87.30
87.80
EUR
90.60
91.60
RUB
0.890
0.920

Медер Абакиров Франциянын элчиси Николя Фай менен жолукту

07.02.2025 10:06
21
Медер Абакиров Франциянын элчиси Николя Фай менен жолукту


Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файды кабыл алды.


ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Медер Абакиров Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий диалогду мындан ары жогорку деңгээлде кеңейтүүнүн, соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда, анын ичинде туризм чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


Маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Өз кезегинде, элчи Николя Фай эки өлкөнүн кызматташтыгын активдештирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын айтып, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, Кыргызстанга инвестиция тартуу жана маданий алмашууну кеңейтүү боюнча көз карашын билдирди.


Жолугушуунун алкагында тараптар ошондой эле глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу боюнча пикир алмашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн