Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Медер Алиев жөн кеткен жок. Адахан Мадумаров адам укугу жана Конституциянын бузулушун иликтөө боюнча комиссия түзүүнү сунуштады

22.12.2022 11:28
725
Медер Алиев жөн кеткен жок. Адахан Мадумаров адам укугу жана Конституциянын бузулушун иликтөө боюнча комиссия түзүүнү сунуштады

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров адам укугу жана Конституциянын бузулушун иликтөө боюнча комиссия түзүүнү сунуштады.


Анын айтымында, жок дегенде эл өкүлдөрү өлкөдөгү мыйзам бузууларга көз жумбашы керек.


"Биз депутат болуп ант бергенде Кыргыз Республикасынын Конституциясына колду коюп туруп, "берген антымды бузган учурда жоопкерчиликке тартылууга макулмун" деп добуш бергенбиз.

Бүгүн тилекке каршы, баарыбыз топ-топ болуп алып, Конституциянын бузулушун карап отурабыз.

Террористтердей кылып аялдарды камап койду. Укук коргоочулар алардын абалы жакшы эмес деп коңгуроо кагып жатат. Ошондо да мыйзамдын бузулушун карап отурабыз. Биз эл өкүлдөрү катары жарандардын укугун коргой албасак ким коргоп берет? Алып жаткан айлыгыбыз, жеп жаткан наныбыз адалбы? Кайсы арабызга көкүрөгүбүзгө "значок" тагып жүрөбүз?


Чек араны чечүүдөгү коркутуулар токтой элек. Жогорку Кеңештин эң маанилүү комитети болгон Конституциялык комитеттин төрагасы Медер Алиев деген азаматыбыз жөн кеткен жок. "Мындан ары менин абийирим чыдабайт" деп кетти.

Биз болсо ишке ашпаган мыйзам долбоорлорун талкуулап отурабыз.


Мен бүгүн Элдик Курултай мыйзамсыз өткөнү тууралуу Конституциялык сотко кайрылам",- деди Мадумаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн