Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 19:50
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Медициналык кадрлардын резервине 870 адам кирди

29.06.2020 19:23
1063
Медициналык кадрлардын резервине 870 адам кирди


Кыргызстанда COVID-19га байланыштуу түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, азыркы учурда кадрлар резервине киргизүү үчүн медицина кызматкерлеринин тизмеси түзүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, жалпысынан тизме боюнча 870 адам, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 518, Чүй облусу – 42, Ысык-Көл облусу – 76, Талас облусу – 70, Нарын облусу – 67, Жалал-Абад облусу – 8, Баткен облусу – 48, Ош шаары жана Ош облусу – 41, анын ичинде 207си медициналык билим берүү уюмдарынан. Бардыгы болуп резервде 302 ординатор бар.


Резервдегилердин мультидисциплинардык медициналык бригадаларын окутуу үчүн 5 күндүк программа иштелип чык
кан


Стационарлардын жана жогорку окуу жайларынын кафедраларынын базасында практикалык сабактарды өтүү менен аралыктан окутуу пландалууда. 
Окутуу эртең, 30-июнунда башталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн