Чек ара чырынын жыйынтыгында жалпы 21 үй өрттөнгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, Баткен районунда 9 үй, чек ара заставасы жана мектеп өрттөлгөн. Ал эми Лейлек районун Максат айылында 10 үй, май куйуучу жайлар, дүкөндөр өрттөнгөн. Ошондой эле Кулунду айылында 2 үй өрттөлгөн.
Азыркы учурда материалдык зыяндар эсептелүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн