Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мектеп жетекчилери сынактын негизинде тандала баштайт, - министр

13.07.2022 11:12
384
Мектеп жетекчилери сынактын негизинде тандала баштайт, - министр


Кечээ, 12-июлда президент Садыр Жапаров мектеп жетекчилерин сынактык негизде беш жылдан ашык эмес мөөнөткө тандоо боюнча жарлыкка кол койгон.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдиргендей, өлкөдөгү 2 миң 233 мамлекеттик мектептеги ишмердүүлүктү жандантуу, кадрлык потенциалды көтөрүү жана реформаларга даярдануу максатында мектеп жетекчилери сынактын негизинде тандала баштайт.

“Район, шаардын билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин деңгээлинде кээде кадрдык мүчүлүштүктөр болуп калышы мүмкүн. Бирок, баарына бирдиктүү мамиле кылып, жетекчилер ачык-айкын түрдө сынактык негизде дайындалып келсин деген кадамга барып жатабыз. Жетекчилер эки этапта дайындалат: талапкерлердин документтерин кабыл алуудагы тиешелүү критерийлерге жооп бериши керек, экинчиси тестирлөө өткөрүлөт. Тест онлайн түрдө коомчулукка көрсөтүлүп турат. Бүгүнкү күндө беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлорунун саны 966ны түзөт. Демек, 966 мектепте сынак жүрөт. Калгандарында директорлорунун иштөө мөөнөтү беш жылдан ашканда сынак жарыяланат”, - деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн