Баткен облусунун Лейлек районунун Баул айылында кылкандуу дан эгиндери эгилип бүттү. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Мелис Калыков кабарлады. Анын айтымында, быйылкы жыл жаан-чачындуу болсо Баул айылында буудай, арпа кенен болот.
“Акыркы жылдары биздин райондо жаан-чачын мол болуп, элибиз суу жетпеген талааларга арпа, буудай айдай баштады. Өткөн жылы түшүм мол болду. Муну эске алган баулдыктар бул жылы 500-600 гектар жерге эгин экти. Азырынча жаан биз күткөндөй болуп жатат. Эми апрель, май айларында ушундай аба ырайы сакталса деп Кудайдан тилеп турабыз”, - дейт Мелис Калыков.
Ошондой эле Баул айлынын башчысы Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылында бир катар алгылыктуу иштер жүрүп жатканын билдирди. Ал эми коронавирустун алдын алуу үчүн баулдыктар карантиндин эрежелерин сактап жатканын кабарлады.
Пикирлер (17)