Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 10:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Мелис Калыков, Баул айылынын башчысы: “Быйыл жаанчыл болсо биздин айыл данга толот”

02.04.2020 12:03
5206
Мелис Калыков, Баул айылынын башчысы: “Быйыл жаанчыл болсо биздин айыл данга толот”


Баткен облусунун Лейлек районунун Баул айылында кылкандуу дан эгиндери эгилип бүттү. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Мелис Калыков кабарлады. Анын айтымында, быйылкы жыл жаан-чачындуу болсо Баул айылында буудай, арпа кенен болот.


“Акыркы жылдары биздин райондо жаан-чачын мол болуп, элибиз суу жетпеген талааларга арпа, буудай айдай баштады. Өткөн жылы түшүм мол болду. Муну эске алган баулдыктар бул жылы 500-600 гектар жерге эгин экти. Азырынча жаан биз күткөндөй болуп жатат. Эми апрель, май айларында ушундай аба ырайы сакталса деп Кудайдан тилеп турабыз”, - дейт Мелис Калыков.


Ошондой эле Баул айлынын башчысы Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылында бир катар алгылыктуу иштер жүрүп жатканын билдирди. Ал эми коронавирустун алдын алуу үчүн баулдыктар карантиндин эрежелерин сактап жатканын кабарлады. 

Пикирлер (17)

Коопсуздук коду
Мурзамуратова Орозгул
Айылыбыз ар тараптуу онуго берсин.Кудайым колдосун.Дайыма айылыбыз журогубуздун тупкурундо.
Р
Аллахым тушумунуздорду мол берсин баул айылынын айыл башчысы мелис авага рахмат ел менен биримдикте иштеп атат
Кадыров русланбек
Баулдыктарымдын еккен эгинине кудайым берекесин берсин
Абдиллабек АВАЗОВ.
Жердештеримдин кудай кубат берсин? Атың өчкүр таажывирус тез арада жок болуп, элибиз жай турмушка кайтсын!
Рустам Мажитов
Абдиллабек ага. Бир эки шиңгил таштап коюң эми.духту көтөрүп!
Рустам Мажитов
Азамат экенсиңер. Эккен эгиниңер жакшы өсүп мал жандан жакшы карап.кұзүндө кырманыңар кызылга толсун Мелисбек.