Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 10:42
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Мелис Калыков, Баул айылынын башчысы: “Быйыл жаанчыл болсо биздин айыл данга толот”

02.04.2020 12:03
5205
Мелис Калыков, Баул айылынын башчысы: “Быйыл жаанчыл болсо биздин айыл данга толот”


Баткен облусунун Лейлек районунун Баул айылында кылкандуу дан эгиндери эгилип бүттү. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Мелис Калыков кабарлады. Анын айтымында, быйылкы жыл жаан-чачындуу болсо Баул айылында буудай, арпа кенен болот.


“Акыркы жылдары биздин райондо жаан-чачын мол болуп, элибиз суу жетпеген талааларга арпа, буудай айдай баштады. Өткөн жылы түшүм мол болду. Муну эске алган баулдыктар бул жылы 500-600 гектар жерге эгин экти. Азырынча жаан биз күткөндөй болуп жатат. Эми апрель, май айларында ушундай аба ырайы сакталса деп Кудайдан тилеп турабыз”, - дейт Мелис Калыков.


Ошондой эле Баул айлынын башчысы Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылында бир катар алгылыктуу иштер жүрүп жатканын билдирди. Ал эми коронавирустун алдын алуу үчүн баулдыктар карантиндин эрежелерин сактап жатканын кабарлады. 

Пикирлер (17)

Коопсуздук коду
Айдай
Жакшы жанылык экен! Жаш айыл башчы турбайбы, ийгилик!
Жоошбек
Айтканынар келсин! Бул вирус дыйканчылыкты токтотуп койбосо эле. Окмот, айыл-чарба министри карап койсо жакшы болот. Саламаттык сактоо министринен башка министрликтер иштеп жатабы?
Тажибаев Абдилазиз
Ийгилик икам омиин