Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:35
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Мен “Мекенчилди” колдосом, Абыкеев “Биримдикди” сүрөп жүргөн...

13.09.2021 17:51
1517
Мен “Мекенчилди” колдосом, Абыкеев “Биримдикди” сүрөп жүргөн...


“Семетей” эпосунун жана Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде июль айынан баштап көркөм тасма тарта баштасак,  мамкатчы Чолпонбек Абыкеев баш болуп, “аз ат, аз киши менен тартып атышат,  кыргызды салык төлөтүшүптүр – кыргызды дүйнөгө уят кылышат, токтотуш керек” деген доомат коюшуп, ызы-чуу салышты. Аз ат, аз адамдар графикада көбөйтүлөрүн, кинонун учурдагы эл аралык тартиби ушундай экенин, тасма жарыялана электе улам оңдолуп аткан жумушчу сценарий боюнча сын тагуу адепке гана эмес, мыйзамга да туура келбесин таназарга алышпады. Кудайга шүгүр, азыр тасма тартылып, монтаждалып бүтүп, үн коштоо, музыка жазуу, компьютердик графика жумуштары ийгиликтүү жүрүп атат.


Биз узанган тема өтө улуу жана жоопкерчиликтүү экенин терең түшүнөбүз. Күчтүү, таланттуу кинорежиссёрлор, операторлор, актёрлор чакырылган. Алгачкы жумушчу рекламалык роликтер сунушталып, Казакстан, Россия, Түркия, Кытай жана Европа өлкөлөрүнөн кинопрокатчылары менен үзүрлүү макулдашуулар жүрүүдө. Иш кызуу жүрүп, сындарга жооп берүүгө убакыт болбоду. Эми мындан ары чет элдик сапарлар болот, Кудай жол берсе. Алдыда соцтармактарга кирүүгө андан бетер убакыт болбойт. Тасмабыз боюнча дооматтарга жооптор кино чыкканда өзүнөн өзү берилмекчи. 


Ал эми менин ишмерлигиме чейин киришип, башкалары да ушул сымал жөө жомок экенин белгилеп, жалганды чындай урдургандарынын бир мисалын келтиргим келет. Мамкатчы Чолпонбек Абыкеев жазуучулар уюмун жетектеп турганда орун басары болгон Сариев “Манастын уулу Семетей” тасмасынын авторун жоопко тартыш керек” деп жазса, аны Абыкеев Фейсбуктагы профиле коёт. Анан Абыкеевдин айдактоосу менен Сариев, Койчумановдор президентке кайрылып, мени шыбап, “Бакиев убагында гезит чыгарып, Бакиевдер менен кошо качып, Казакстанда башкалкалап жүрүп, эми келди” дептир. 2010-2011-жылдарда парламенттик жана президенттик шайлоолордо “Ата Журт” партиясынын штабында иштеп, “Апта”, “Жаңылык” гезиттерин чыгаргам. 2012-жылы “Президент жана бомж”, 2013-2014-2015-жылдарда “Президент жана бомж-2”, “Москва сүйүүсү”, “Төңкөрүш”, 2017-2018-жылдарда “Миллионердин сүйүүсү”, “Президент жана бомж-3” тасмаларын жазып, тартып, коюп, таратып жүргөнүмдү билмексенге салып, коомчулукту адаштыргысы келишет. Бакиев убагында мен коомдук уюмдун гезитин чыгарсам, Абыкеев президенттик администрацияда бөлүм башчы болгон. Ал эми 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо мен “Мекенчил” партиясынын штабында эл, мамлекет келечеги үчүн кызмат кылсам, мырза Абыкеев “Биримдик” партиясын сүрөп жүргөнүн кеп кылышууда.


“Манастын арбагы урбасын!” деп коркутушту эле, тескерисинче, Жараткан колдоп, улуу арбактар жолдоп, тасмабыз шар, шыр тартылды. Эми көптөгөн өлкөлөргө таратып, Кыргызстаныбызды, кыргыз элибизди алыс-жакынга бир даңктап алсак деген аруу тилектебиз!


Өмүрзак Төлөбеков, кинопродюсер

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Акылбек Мамбетов.
Өмүрзак алга сынга сынба, чалса жыгылба.Манас атабыстын арбагы колдосун. Азыр заман ушундай болуп калды.Күлсөң көптү, ыйласаң өчтү дешет, сен андай эмессиң андайларга маани бербе.Курманжан датканы да көрүшүп эмне деген сынды айтышты эле.Эл көрүп баалап, сүймөнчүлүкө ээ болбоду беле.Мен ишенем бул андан да жакшы болот.