Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:05
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Мени коррупцияга айыптаган Жанар Акаевди жеке абийирине койдум, - Абылгазиев

21.05.2020 17:23
1282
Мени коррупцияга айыптаган Жанар Акаевди жеке абийирине койдум, - Абылгазиев


Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аны коррупция боюнча айыптаган депутат Жанар Акаевге жооп кайтарды.


Мен кечээ Жанар Акаевдин билдирүүсүн көрүп чыктым. Такталбаган, имиштердин деңгээлинде айтылган фактылар экен. Өкмөттүн жана жеке менин аброюма шек келтирген билдирүүсүн көрүп, депутаттын өзүнүн абийирине койдум, муну саясатка айландырбаш керек деп ойлойм”, - деди өкмөт башчы.


Анын айтымында, 2019-жылдын аягында планды аткаруу боюнча финансылык органдардын башчылары менен сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Кайсы жерде булактар бар экенин аныктоо жана бюджетти аткаруу максатында радио жыштыктар кандай болуп атканы тууралуу тапшырма берилген. Жыштыктар кен байлык сыяктуу эле элдин байлыгы. Мурда сатылып жатканы тууралуу маалымат айтылгандыктан, бул иш боюнча отчет алынган. Мурда 1000 сомго берилип кеткен же убактылуу пайдаланууга берилген жыштыктар тууралуу айтылып жатып, бир факты чыккан. Анда мамлекет убактылуу пайдаланууга берген жыштыкты бир компания экинчи компанияга сатып ийгени белгилүү болгон. Туура эмес, мыйзамсыз сатылып кеткенине чек коюп, кайра мамлекетке кайтарып, аукцион аркылуу сатууну сунуштап, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына тапшырма берилген. Ошондо  "Ала ТВ" боюнча да факты ачылып, убактылуу колдонуп жүрүп, сатылып кеткени белгилүү болгон.


“Буга мамлекеттик кызматкерлер аралашканы тууралуу сөз болду. Текшерүү иштери Аскердик прокуратурасында жүрүп жатат. Тергөөнүн  уланышын ачыктап айтпай эле коёюн, 2-3 мамлекеттик органдардын кызматкерлери кармалып, иштер жүрүп жатат. Ким күнөөлүү , ким күнөөлүү эмес экенин айтканым туура эмес. Менин айтаарым жеке дарегиме негизсиз күнөө коюу туура эмес”, - деди Абылгазиев. 


Ал кошумчалаганадй, бул жыштыктар ачыкка чыгып, аукцион аркылуу кымбат баага сатылыш керек же мамлекеттин байлыгы катары сакталып калышы шарт.

Тема боюнча: 

Казакстандын Beeline компаниясына ит бекер сатылып кеткен телеканалга Абылгазиевдин катыштыгы барбы?

Премьер-министрди коррупция боюнча айыптоо негизсиз, - Султаналиев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мырзабаева Зуура
Ото коркунучтуу карупция мезгилинде этият болуш керек