Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 03:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Мэрия COVID-19дан каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатынын баасын айтты

09.07.2020 14:13
1262
Мэрия COVID-19дан каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатынын баасын айтты


Бишкекте коронавирус инфекциясынан каза болгондорду жерге берүүнүн баасы өзгөрүүсүз баштагы боюнча калды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдирди.

 

Мындан сырткары, COVID-19дан каза болгондор үчүн өзүнчө жер талап кылынбайт. Маркумду жеткирүү тамак-аш жана адамдарды ташыбаган атайын транспортто (катафалк) же башка унааларда болушу керек.


Табытды жерге коёордо маркум кепинделип, андан соң дезинфекциялык каражаттарга чылангананган эки кабаттуу материалга оролушу керек. Акыркы сапарга узатуу дин кызматкеринин жана жакын туугандарынын катышуусунда гана, эпидемиологдун көзөмөлүндө өтүүсү керек.


Билдирүүгө карганда, Бишкекте акыркы сапага узатуу зыйнатын уюштурган мэрияга караштуу (Бару) агенттикке 6 көрүстөн карайт. Алар: Ала-Арча, “Чоң-Арык”, “Гроздь”, Түндүк, Братское жана Дунган көрүстөндөрү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн