Теке 27, 2024
Убакыт: 06:55
USD
EUR
RUB

Милиция кызматкерлери Ош базарында жоголгон 5 жашар баланы табып, ата-энесине өткөрүп бериш беришти

12.02.2024 15:19
253
Милиция кызматкерлери Ош базарында жоголгон 5 жашар баланы табып, ата-энесине өткөрүп бериш беришти


11-февраль күнү «Ош Базары» соода жана оюн-зоок комплексинде дайынсыз жоголгон 2019-жылы туулган Ш.А. аттуу уулун табууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен аял милиция  бөлүмүнө кайрылган.


Анын айтымында, ошол эле күнү күндүзгү саат 2лер чамасында бала Бейшеналиева менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен адашып кеткен.


Ички иштер башкы башкармалыгынын милиционерлери издөө иштерин баштап, жарым сааттын ичинде алар баланы Ош базарынын аймагынан таап, ата-энесине өткөрүп беришкен.


Өз кезегинде М.Т. атту жаран милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракетине ыраазычылыгын билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн