Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Санрабия Сатыбалдиева 3-ноябрда түндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 48 саатка камалганын билдирди. Анын айтымында, кош бойлуу журналист абалы начарлап ооруканага жеткирилди. Анын алдында дагы милициядан оорукагана жеткирилип дарыгерлер "боюнан түшуп калуу коркунучу бар" деген корутунду чыгарган. Учурда үйүндө эки жашар кызы калганы кабарланууда.
Санрабия менен кошо оператор Калыс Аширбеков дагы камалганы айтылууда.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист менен оператордун камалганы тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Булак: "Азаттык"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн