Теке 07, 2025
Убакыт: 18:11
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Милициянын формасын айрып салган жаран кармалды

03.03.2021 18:48
1087
Милициянын формасын айрып салган жаран кармалды

Бишкекте бейбаштыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы 3-мартта билдирди.


Окуя бүгүн, 3-мартта, таңкы саат бештерде Москва көчөсүндө болгон. Кайгуул кызматтын маалыматы боюнча, жигит өзүн агрессивдүү алып , ал милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тарткан. Жигит укук коргоо органынын кызматкерин уруп, формасын айрып салган.


Бул факт бирдиктүү реестрге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен катталган.


Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1999-жылы туулган К.Н. Андан аркы тергөө амалдары үчүн Биринчи Май РИИБне жөнөтүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн