Бугу 04, 2024
Убакыт: 08:28
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Министр Бейшеналиев Баткен облусунун билим берүү тармактарынын иши менен таанышты

23.12.2020 11:07
503
Министр Бейшеналиев Баткен облусунун билим берүү тармактарынын иши менен таанышты

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


А. Бейшеналиевдин иш сапары Баткен шаарынан башталды. Министр Баткен мамлекеттик университетине барып, ал жерде жаңы спорттук залдын ачылышына катышты. Ошондой эле, окуу жайдын жаңы корпусунун курулушу менен таанышты.


Андан соң билим берүү министри Баткен облустук гимназия-жатак-мектебине барды. А Бейшеналиев мектептин окуу китептери менен камсыз болушу, окуу кабинеттеринин абалы, балдардын жашоо жана окуу шарттары менен таанышты. Мындан сырткары, министр райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен кеңешме жана мектеп директорлору менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Ошондой эле билим берүү министри Кызыл-Кыя шаарындагы М. Күрөңкеев атындагы орто мектебине сертификат тапшырды.Иш сапарын улай А.Б. Бейшеналиев Баткен шаарындагы Кызыл-Жол мектебине барды. Аталган мектептин абалы авариялык деп табылган. Министр тиешелүү адистер менен көйгөйдү талкуулап бир катар тапшырмаларды берди.


Күндүн экинчи жарымында билим берүү министри Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы Чоң-Талаа орто мектебине барды. Аталган мектеп 250 орундуу жаңы имараттын курулушуна муктаж. Окуучулар ыңгайлашытырылган жашоо үчүн курулган үч корпуста билим алып келишкен. Жакында өрт чыгып, бир корпус күйүп кеткен. А.Б. Бейшеналиев мектептин көйгөйүн тиешелүү адистер менен талкуулап, жаңы имараттын курулушун тездетүү тапшырмаларын берип, министрлик көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.Иш сапарынын алкагында министр Кадамжай районундагы К. Сатаров атындагы мектепте дагы болду.


Иш сапарынын соңунда А.Б. Бейшеналиев Баткен мамлекеттик университетине караштуу Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтуна барды

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн