Бишкек — Ош — Бишкек авикаттамына билеттин баасы 4 000 сомдон ашпашы керек. Бул туурасында транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев билдирди.
Анын айтымында, мындай талап тууралуу министрликтин атайын буйругу чыккан.
"Учурда аэропортторду реконструкциялоо боюнча пландарыбыз бар. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги туура саясат жүргүзсө билеттин баасы да төмөндөйт. Бул кыска мөөнөттүк жумуш эмес, орто мөөнөттө ишке ашырылат. Сиз айтып жаткан маселелерди толук кандуу карасын деп жакында Жарандык авиация агенттиги бизден чыгарылып, министрлер кабинетинин алдындагы өзүнчө орган болду", — деди Осоев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн