Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрь күндөрү Россияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш сапардын алкагында министр Казакбаев менен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун ортосунда эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо пландалууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн