Бугу 09, 2024
Убакыт: 13:23
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Министр калп айттыбы? Душанбеде кыргыз-тажик тарап электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүүдө

06.10.2021 10:38
675
Министр калп айттыбы? Душанбеде кыргыз-тажик тарап электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүүдө

Кыргызстан Тажикстан менен электр энергиясын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу  КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин электр энергиясы башкармалыгынын башчысы Айбек Айдаралиев “Кабар” агенттигине билдирген.


Анын айтымында, азыркы тапта кыргыз делегациясы Душанбеде жүрөт. “Алар дагы деле келише элек, алардын кайтып келүүсү менен бардыгы белгилүү болот. Электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим түзүлөбү же жокпу, түзүлсө канча көлөмдө жана баасы канча болору сүйлөшүүгө кеткендер катып келгенден кийин билинет. Азырынча бизде маалымат жок”, - деди ал.


Эскерте кетсек, Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Тажикстандан электр энергиясын сатып алынып баштаганын айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн