Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 21:11
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Министр менен элчи Россиядагы мигранттардын көйгөйлүү маселелерин талкуулашты

18.05.2022 20:53
1092
Министр менен элчи Россиядагы мигранттардын көйгөйлүү маселелерин талкуулашты

2022-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык,  жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россия соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, аймактар аралык кызматташуунун негизги маселелери талкууланды, ошондой эле аталган багыттар боюнча мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери жана Россия Федерациясында эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандарынын актуалдуу көйгөйлөрү каралды.


Кыргыз-россия саясий диалогунун жогорку деңгээлине канааттангандыгын билдирүү менен, министр Кулубаев Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү ырааттуу бекемдөө максатында бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


Тараптар ошондой эле алдыда боло турган тышкы саясий иш-чаралар, анын ичинде 2022-жылдын 26-27-майында Бишкек шаарында өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны жана Биринчи Евразия экономикалык форуму тууралуу пикир алмашышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн