Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 05:20
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Министрлер үчүн 450 млн сомго электромобиль сатып алуу пландалууда

05.12.2022 21:10
395
Министрлер  үчүн 450 млн сомго электромобиль сатып алуу пландалууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети 450 миллион сомго электромобиль сатып алууну пландоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.


Аталган сунушту Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев  айтты.


Анын айтымында, 2022-жылдын соңуна чейин электромобиль сатып алуу үчүн 50 миллион сом бөлүнөт.

2023-жылы 405 миллион сом бөлүнөт.

Сатып алына турган электромобилдер министрликтер үчүн берилет.

Ал эми министрликтердеги учурдагы кызматтык унаалар чыгашаны жабуу үчүн сатылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн