Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө министрлер кабинетинин бир катар чечим долбоорлору талкууланып, жактырылды, анын ичинде тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул ташууларга арналган атайын транспорт каражаттары тууралуу Макулдашууну ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө; камак өтөө жайларынын иштөө тартибин жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптарды бекитүү жөнүндө; Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун тизмесин бекитүү жөнүндө; техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоого (көзөмөлдөө) тийиштүү маселелер каралды.

Кеңешмеде үстүбүздөгү жылдын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, энрегетика жана өнөр-жай тармагындагы долбоорлордлу ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды.