Бугу 09, 2024
Убакыт: 06:22
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Министрлер кабинети кыргыз-тажик чек арасындагы конфликтте өрттөлгөн тоок фермага колдоо көрсөтөт

25.02.2023 14:59
281
Министрлер кабинети кыргыз-тажик чек арасындагы конфликтте өрттөлгөн тоок фермага колдоо көрсөтөт

Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү орун алган каргашалуу окуя учурунда курман болгон ишкер Матиса Надыровдун тоок фермасына барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Эскерте кетсек, тоок ферма Баткен районундагы Ак-Сай Ак-Сай айылында жайгашкан. Фирмадагы чыгым ошол учурда 40 млн сом деп бааланган.


Буга чейин, Министрлер кабинетинин чечими менен тоок ферманын каза болгон ээсинин 9 млн сом насыясы жоюлган болчу. Ал эми, анын уулу Адилет Абдувалиевге тоок ферманы кайра калыбына келтирүү үчүн жабдууларды алууга 30 млн сом жеңилдетилген насыя берилген.


Мамлекет ишкерлерге өзгөчө көңүл бураарын айткан Акылбек Жапаров, “Балам, атанын жолун улап кетүү ата үчүн чоң сыймык. Баткен жергесинде эле эмес, Кыргызстанда, ал гана эмес Борбор Азияга чыкканга жумуртканы, тоок этин экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө жет. Ал үчүн мамлекет колдоо көрсөтөт”, - деп билдирди Акылбек Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн