Жогорку Кеңештин депутаттары министрлер кабинети жана жергиликтүү бийлик жөнүндө Конституциялык мыйзам долбоорлорун жактырды.
Аталган документтерге бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда добуш берилди.
"Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбооруна 83 эл өкүлү макул, экөө каршы болду.
"Жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам долбоорлору бир мыйзам болуп бириктирилип добуш берилди. Натыйжада ага 80 депутат макул, үчөө каршы пикирин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн