Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 08:22
USD
89.40
89.77
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Министрлер кабинети жаңыланып, Улукбек Мариповдун ордуна Акылбек Жапаров келери айтылууда

11.10.2021 12:11
6660
Министрлер кабинети жаңыланып, Улукбек Мариповдун ордуна Акылбек Жапаров келери айтылууда



Кыргызстанда Министрлер кабинетинин курамы алмашары күтүлүүдө. Бул тууралуу "Азаттык" ишенимдүү булактарына таянып кабарлады.


Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагалыгына учурдагы экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун талапкерлиги каралууда.


Жаңы өкмөттүн курамында өзгөрүүлөр болуп, 12-октябрда жарыяланышы мүмкүн.

Өкмөттөгү ишенимдүү булактар Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев азыркы кызматын сактоо менен бирге коопсуздук тармагын тейлеген вице-премьер-министр кызматына дайындалары күтүлүп жатканын билдирди.


Президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты ырастаган дагы четке каккан дагы жок.

Пикирлер (7)

Коопсуздук коду
Садыр Нуркож
Садыр Нуркожоевич эмнеге алмаштырып жатасыз ишин жакшы еле алпарып жатты го үйрөнүп калды еле кадр алмшатыра бересиңер көз карашымды айтып жатам аны өзүңүз билесиз
Таирбек Уулу Элманбек
Менин пикирим кимиси ошол кызматка ылайык болсо ошонусу иштесин.Себеби мен экөөнү тен жакындан билбейм Призидентибиз урматтуу Нургожоевич Садыр Жапаров баарын өзү бизден көрү жакшы билет!
Хабиб
А что делать не чтоли?шахмате 2 раза разрешается рокеровок .а у нас сколько можно?
Илья
Марипов жакшы иштеп жатат,акылбек куу иштей албайт
Молдалиева Гулбарчын
Улукбек Марипов оз ордунда калып иштегени туура болмок. Эл дагы конуп калды эле иштин козун билет баардык аймактарды кыдырып иштеп атат го.