Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 07:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Министрлер кабинетине караштуу дагы бир фонд түзүлдү

16.11.2022 12:54
226
Министрлер кабинетине караштуу дагы бир фонд түзүлдү

Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду түзүлдү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Министрлер кабинети билдиргендей, аталган чечим жашыл энергетика чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү максатында кабыл алынган.

Буга катар министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду жөнүндө жобо жана уюмду башкаруу схемасы бекитилген.

Жашыл энергетика фонду жашыл энергетиканы долбоорлоону, күтүүнү, субсидиялоону, оңдоону, реконструкциялоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоо үчүн каражаттарды топтоо, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарынын энергия үнөмдөөчү технологияларын иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана киргизүүгө дем берүү максатында түзүлгөн мамлекеттик мекеме болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн