Бугу 04, 2024
Убакыт: 00:50
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Министрлерди президенттин макулдугусуз камоо сунушталды

06.10.2021 12:46
697
Министрлерди президенттин макулдугусуз камоо сунушталды

Министрлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга президенттин эмес, башкы прокурордун уруксаты талап кылынат. Мындай норма "Министрлер кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзам долбооруна киргизилип, экинчи окууга чыгарылды.


Демилгени бүгүн депутат Аалы Карашев алып чыгып, парламентте баяндама жасады.


"Биринчи окууда жазылган "министрлерге президенттин макулдугу менен гана кылмыш иши козголот" деген норма алып салынды. "Мамлекеттик сыйлыгы бар министрлер кабинетинин мүчөсү камакка алына албайт" деген норма да жокко чыгарылды. Бирок аларга башкы прокурордун уруксаты менен гана кылмыш иш козголот. Бул дагы министрлерди жакшы коргоо болуп саналат", — деди Карашев.

Ошондой эле аткаруу бийлигинин ишин президенттик администрация тескей турганын, министрлер кабинетинин төрагасы бир эле учурда президенттик администрацияны да жетектеп каларын белгиледи.


"Ошол эле учурда министрлердин, орун басарларынын жоопкерчилигин күчөттүк. Өкмөт иш алып барганы үчүн эмес, республикалык бюджетти аткарганы үчүн Жогорку Кеңештин алдында отчет берет. Эгер канааттандырарлык эмес деп тапса, президент жоопкерчилигин карай алат деген конституциялык норманы киргиздик. Ал эми отчет берүү мөөнүтү 15-марттан 1-майга чейин узарды", — деди Карашев.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
мир
прокурор президенттин досу болуп атса,кайра еле президент ишарат кылса же камалат же камалбайт турбайбы