ЖОЖдорду каржылоонун негизги булагы катары контракттык каражаттар эсептелет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Бюджеттик саясат, каржылык талдоо жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Акыйкат Баймуратова маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жогорку окуу жайларындагы билимдин орточо наркы 28 540 сомду түзөт, анын 76 пайызга жакыны кызматкерлердин эмгек акысына, дагы 22 пайызы учурдагы чыгымдарга жана 1,4 пайызы гана материалдык-техникалык базаны чыңдоого кетет.
«Ушул орточо чыгымдан келишимдик наркты 690 сомго төмөндөтүүгө болот деп чыгарылды. Бул студент үчүн маанисиз сумма, бирок университеттер үчүн олуттуу. Алардын кирешеси 107 миллион сомго кыскарат. Бирок ошол эле учурда университеттер материалдык-техникалык базасын өркүндөтүшү керек», - деди ал.
Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров дистанциялык формага өтүү эмгек акы фондусунун олуттуу төмөндөшүнө, мугалимдердин кыскаруусуна алып келбестигин кошумчалады. Анын айтымында, республиканын 185 миң окуучусу үчүн дистанттык окутуу форматына өткөндөн кийин ишин токтотпогон 17 миң мугалим туура келет. Мындан тышкары, көптөгөн ЖОЖдор санариптик инфраструктурасын өркүндөтүү - билим берүү ресурстарын даярдоо, серверлерди жайгаштыруу, кайтарым байланышын уюштуруу ж.б. ушундай системаларды жакшыртууга аргасыз болушкан.
«Ошондой эле, университеттердин санитардык-эпидемиологиялык стандарттарга шайкеш келиши үчүн кошумча чыгымдар бар экендигине көңүл бөлгүм келет: кириштеги фильтрларды орнотуу, дезинфекциялоо жана башкалар. Пандемияга чейин бул нерселер университеттердин чыгашалар бөлүгүнө кирген эмес», - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн