Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Шайлоодон кийинки баш аламандык: Минсктеги акцияда бир адам каза болду (видео)

11.08.2020 10:15
1104
Шайлоодон кийинки баш аламандык: Минсктеги акцияда бир адам каза болду  (видео)


Беларустун борбору Минск шаарында шайлоодон кийин башталган массалык акциясында бир адам каза болду. Бул тууралуу Беларустун укук коргоо борбору билдиргенин РИА Новости жазды. 


Укук коргоочулардын маалыматына караганда,  ОМОН демонстранттарды кулак тундуруучу гранта менен аткылаган. Ооруканаларга ондогон жарандар жарадар болуп түшкөн. 213 демонстрант күч түзүмдөрү тарабынан кармалган. 


Кийинчерээк, өлкөнүн Ички иштер министрлиги каза болгондор жок экенин маалымдаган. 


Буга чейин маалымдалгандай, Беларуста 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко 80,23%, анын башкы атаандашы Светлана Тихановская 10% добуш алган. Шайлоого калктын 84%ы келген.  Алардын 6% бардык талапкерлерге каршы добушун берген.  Шайлоонун жыйынтыгынан кийин Минскте нааразычылык акциясы башталып, бир нече миң адамдар Жеңиш паркында чогулушкан. 





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн