Ырчы Мирбек Атабеков гив оюнуна чогулган 2 миллион сомго жакын каражатты кайрымдуулука которду. Бул тууралуу Атабеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
Анын айтымында, оюнга деп чогулган каражатты Бишкек шаарындагы 2 клиникага 200 бейтапты камсыздай турган медициналык каражат чогултуп жаткан Бабур Толбаевге берет.
“Менин гивиме демөөрчү болгондордун баарына ыразычылык билдирем. Эгер оюн уюштурулбаса каражатты кайтарып бергиле десеңер пандемия бүткөндөн кийин маңдай терим менен иштеп, таап берем”, - деген ырчы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн