Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров эмне себептен кызматтан кеткенине кызыкты.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, Бакировдун кызматтан кетишинде эч кандай саясат жок.
"Биздин ортобузда эч кандай келишпестик болгон эмес. Ар дайым түшүнүшүү менен иштештик.
Анын кызматтан кетишине мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдын тиешеси жок. Ал өз каалоосу менен кетти",- деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн