Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:10
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мирзиёев: Сохтогу окуя өзбек-кыргыз элинин достугуна, алдыдагы пландарга таасир этпеши керек

07.06.2020 11:35
2791
Мирзиёев: Сохтогу окуя өзбек-кыргыз элинин достугуна, алдыдагы пландарга таасир этпеши керек


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кечээ, 6-июнда Фергана облусундагы тургундар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү, деп жазат "Азаттык" сайты.

Анда 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылындагы тургундарынын окуясына токтолду.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматынын кабарлашынча, Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасындагы окуя кыргыз эли менен болгон достук мамилеге таасир этпеши керек деп айтты.

Акыркы жылдары коңшу өлкөлөр менен чек арадагы көптөгөн маселелерди чечүүгө жетиштик. Сохтогу окуя биздин кыргыз эли менен достугубузга, мамилебизге, жалпы пландарыбызга таасир этпеши керек. Биз сабырдуу, чыдамдуу, кайрымдуу болушубуз керек. Кошуна – миң жылдык. Эки эл ийиндеше жашап, бири-бирин сыйлашы керек, - деди өзбек президенти.

Аймактагы соңку жагдайды 1-июнда эки өлкөнүн президенттери телефондон талкуулаган.


 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн