Мыйзамсыз курулган 1 180 батир мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мамлекеттик ипотекалык курулуштар тууралуу суроого жооп берип жатып айтты.
Ал айрым компаниялар жер тилкелерин мыйзамсыз алып, ал тургай курулуштарды баштап салышканын белгиледи.
"Алардын алды 2028-жылы пайдаланууга берилет. Бул курулуштар Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлгөн. Эми андагы батирлер жол-жобо менен келишимдин негизинде ипотекага берилет", — деди Туманбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн