Теке 06, 2024
Убакыт: 17:36
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

“Мол булак” чек арада жабыр тарткан 130 адамдын насыясын кечти

11.05.2021 19:00
1953
“Мол булак” чек арада жабыр тарткан 130 адамдын насыясын кечти


“Мол булак” кичи насыя компаниясы кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыр тарткан 130 жарандын насыясын кечти. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн, 11-майда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облуста ишмердүүлүгүн жүргүзгөн банктардын жетекчилери менен жолукту.

Алимбаев банк жетекчилери менен бирге кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяларда каза болгон, жабыркаган жана турак жайсыз калган жарандардын банкттан алган насыялары боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кароо маселесин талкуулашты.

Облус башчысынын сунушун дээрлик бардык банкттар колдой тургандыктарын, насыяларды кечүү менен бирге керектүү жардамдарды көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Ал эми “Мол булак” компаниясы 130 жарандын насыясын кечкенин билдирди. Анын 126сы чек арадагы окуяда жараат алган, төртөө каза болгон. Ошондой эле каза болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө 25 миң сомдон, жараат алган 154 жаранга 10 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлгөнүн айтышты.

Ошондой эле “Финка” банкы чек ара айылдарынын бирине ФАП куруу боюнча чечим кабыл алгандыктарын билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн