Бугу 10, 2024
Убакыт: 00:42
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Мончо ээлери тартипке келгиле!

11.02.2021 10:39
1528
Мончо ээлери тартипке келгиле!

Кайнак  суудагы баканын синдрому

Эгерде баканы кайнап аткан сууга салса, ал дароо эсине келип, секирип чыгып кетет. Ал эми баканы муздак сууга салып, отту акырындан жагып койсо, бака бара-бара ысыкка көнүп, кайнак сууга бышып өлүп калат.


 Эмнени айткым келди?


Кытайда мончо кызматы жакшы өнүккөн. Эркектер өзүнчө, аялдар өзүнчө болуп, атайын кийим кийип алып, жогору жактагы жалпы зонада аралаш эле тамактанып, эс алып жүрө берсе болот. Бирок эркектер бөлүмүндө аялдар иштебейт, ал эми, тартипке ылайык, аялдар бөлүмүндө эркектер да иштебесе керек деп ишенем.

Кээ бир Европа мамлекеттеринде аралаш, жалпы мончолор бар деп угуп жүрөбүз...


Эми бизге келели...

2012-жылы уулум менен Бишкек шаарынын бир мончосуна бардым. Пилинг жасоочу бөлмөсүнө кирсем, "Мен пилинг кылам" деп бир эжем олтурат.

Ошондон кийин ал мончого барбас болдум.


Кечээ жакында ошол мончонун 4-кабатына дос балдар чакырышканынан барып калдым. Жанагы 2012-жылдагы көрүнүшкө кайдыгер мамиле жасалгандыгынан улам, ал көйгөй андан да күчөптүр.

Мончого кире бергенде эле 2 аял тейлейт, ошолор жылаңыч экениңе карабай, келип шкафты ачып-жаап берет. Пол жуугандар аялдар, пилинг жана массаж кылган, бир нече ичинен жабыла турган кабинкаларда кыз-келиндер иштеп атышат.


Бул эмне деген көрүнүш?!

Демек, аялдар бөлүмүндө да эркектер тейлейби?


Бул нерсеге кайдыгерлик кылбай, "эсибиз барда этегибизди жаппасак" 5-10 жылдан кийин ачык эле аралаш мончолордо жуунуп калабыз.


Урматтуу мончо ээлери, Кыргыздын "башы көрүнгөн" азаматтары!


Тартипке келтириңиздер!

Элди бузбаңыздар!


Кымбаттуу маданият өкүлдөрү, жакшылар, кол кабыш кылыңыздар!


Медербек Ысманалиев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн