Бугу 13, 2024
Убакыт: 02:46
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Москва районунда жума намазы учурунда унаалардагы акча, телефон уурдаган жаран кармалды

Москва районунда жума намазы учурунда унаалардагы акча, телефон уурдаган жаран кармалды

Москва районунда жума намаз учурунда эки унаадан мүлк уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.


Маалыматка караганда, Москва РИИБне арыз менен Беловодск айылынын тургуну Э.А. аттуу жаран кайрылып, 2023-жылдын 6-январында саат 13:30 чамасында Беловодск айылынын Колхозный көчөсүндө жайгашкан мечитке жума намазын окуганы кирген учурда, мечиттин жанында токтоп турган “Ауди” үлгүсүндөгү автоунаасынан 400 000 сом накталай акчасын жашыруун уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүп берүүнү суранган.


Аталган факт Москва РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 205-беренесинде көрсөтүлгөн (уурдоо) кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон.


Андан тышкары, ошол эле күнү Москва РИИБне арыз менен Беловодск айылынын тургуну Н.А. аттуу жаран кайрылып, 2023-жылдын 6-январында саат 13:30 чамасында Беловодск айылынын Колхозный көчөсүндө жайгашкан мечитке жума намаз окуганы кирген учурда, мечиттин жанында токтоп турган “Деу-Матиз” үлгүсүндөгү автоунаасынын эшигин сындырып ачып, баасы 21300 сомду түзгөн “Редми – 9А” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жашыруун уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүп берүүнү суранган.


Аталган факт Москва РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 205-беренесинде көрсөтүлгөн (уурдоо) кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон.  


Кыргыз Республикасынын ИИМдин КИББнын “Кибер” бөлүмү жана Москва РИИБдин КИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында аталган кылмыш иштерине шектүү катары мурда бир нече ирээт соттолгон, Кара-Балта шаарынын убактылуу жашоочусу 1991-жылы туулган А.Х. аттуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесинин негизинде Москва РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө амалдары улантылууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн