Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:33
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Транзиттик аймактагы кыргыздар өзбек, тажиктер менен тамак ашын бөлүшүүдө (видео)

23.03.2020 09:17
834
Транзиттик аймактагы кыргыздар өзбек, тажиктер менен тамак ашын бөлүшүүдө (видео)


Москва шаарындагы “Жуковский” аэропортунда мекенине келе албай жаткан кыргызстаныктарга ысык тамак таратылып берилди. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.


Мындай иш-чара кыргыз ишкерлери тарабынан уюштурулган. Алар өз мекендештерине эле эмес, аэропортто аба каттамын күтүп отурушкан Өзбекстандын, Тажикстандын жарандарына да таратып беришти. Ал жерде кеминде 100дөй адам бар.


Белгилей кетсек, Кыргызстан учурда бардык өлкөлөр менен аба каттамын токтоткон. Болгону бир жумада бир Москва-Бишкек, Бишкек-Новосибирск жана Москво-Ош каттамдары калтырылган.


Кыргыз өкмөтүнүн жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин биргелешкен аракеттеринин аркасы менен 20-мартта транзиттик аймактарда калган жана каттамдар жылып кетип келе албай жаткан кыргыз жарандарын алып келүү боюнча кошумча 5 каттам уюштурушкан.






 


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн