Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:11
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Москвадагы парадга кайсы өлкөнүн лидерлери катышкан жок? Себептери

25.06.2020 09:50
1235
Москвадагы парадга кайсы өлкөнүн лидерлери катышкан жок? Себептери


Москва шаарында өткөн Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга беш өлкөнүн лидерлери белгилүү себептер менен катыша алышкан жок. 


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайджандын  президенти Ильхам Алиев коронавирус пандемиясына байланыштуу парадга катышышкан жок. 


Ал эми Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн туулган күнүн өткөрүп жаткандыктан парадга катышуудан баш тарткан. 


Ховартиянын президенти Зоран Милановичтин парадга келбегенине анын учагынын сынып калгандыгы себеп болгон. 


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына барганы менен аны коштогон делегациянын эки мүчөсүнөн коронавирус аныкталганына байланыштуу ал парадга катыша алган жок. 


Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы бүгүн Москва шаарынан кайтып келди. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн