“Манас” эл
аралык аэропортуна 14-майда Москва-Бишкек чартердик каттамы келип конду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 147 мекендешибиз өлкөгө кайтарылды. Алардын баары аба
майдандан обсервацияга жөнөтүлгөн.
Эске салсак, буга чейин 14-майда Катар жана Кувейттен чартердик каттам менен 107 кыргыз жараны кайтып келген.
Ошондой эле Япония жана Кореядан чартердик каттам менен 43 жаран кайтарылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн