Бугу 02, 2024
Убакыт: 05:54
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Муфтият айт намаздын программасын жарыялады

16.07.2021 17:06
835
Муфтият айт намаздын программасын жарыялады


Муфтият айт намаз Бишкектеги жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окуларын эскертип, анын программасын жарыялады.


Намаз 20-июль күнү эртең менен окулары белгилүү болгон. Коронавирус күчөп жаткандыгына байланыштуу эски аянтта эмес мечиттерде окуу чечими кабыл алынган.


Программасы:


  • 07:00-07:20 — муфтий Замир кары Ракиевдин куттуктоосу жана баяндамасы;

  • 07:20-07:30 — куттуктоолор;

  • 07:30 — айт намаз

Муфтият айт намазга келген ар бир жаран санитардык эрежелерди так сакташы керектигин айтты:


  • - бет каптын болуусу талап кылынат;

  • - ар бир адамга жайнамазын ала келүү сунушталат;

  • - мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралык так сакталсын;

  • - жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;

  • - дааратты үйдөн алуу;

  • - жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбей эле коюшу талап кылынат;

  • - айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн