Кыргызстанда 2023-жылы фитир садакасынан 53 миллион 824 миң 441 сом чогулганын муфтият билдирди.
Бул каражат 25 миң 766 жаранга таратылды. Муктаж болгон жарандар атайын комиссияга арыз менен кайрылышкан. Комиссияга диний окуу жайлары жана фонддору (жетимдер, карылар жана башкалар жашаган жайлар) да кайрылышкан.
Чогулган каражаттардын эсебинен:
60% мечиттерде болушат;
15% казыятка которулат;
15% облустук хатибияттарга которулат;
10% Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына которулат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн